Жогорку Кенештин азыркы депутаты Нурбек Сыдыгалиев мурунку парламентарий Эмиль Жамгырчиевге каршы соттук иш башталды. Жоопкердин билдирүүсүнө караганда, доо арыз намысты жана ар-этти коргоо, ошондой эле моралдык зыян үчүн компенсация өндүрүү максатында Бишкектин Октябрь райондук сотуна берилген.

Иштин алкагында сот Жамгырчиевдин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө чектөөчү камсыздоо чараларын кабыл алды.

Доо арыз боюнча чектөөлөр

сом
10 000 000
банктык эсептер камакка алынды
бардык
кыймылдат жүзүндөгү жана кыймылсыз мүлк камакка алынды
бардык

Эмиль Жамгырчиев сотко чакырылбаганын жана кабыл алынган чаралар жөнүндө алдын ала маалымат албаганын билдирди. Анын айтымында, бардык эсептердин бөгөттөлүшү өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн адвокат жалдаганга да кыйынчылыктарды жаратат.

Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ушундай мазмундагы доо арыз түшкөн, бирок 30-октябрда арыз доокерге кайтарылып берилген. Учурда иш соттун өндүрүшүндө жок.

Тараптардын ортосундагы конфликт Жамгырчиевдин июль айындагы Exclusive KG YouTube-каналына берген интервьюсунан кийин курчуган. Сүйлөшүү учурунда экс-депутат Сыдыгалиевди МУКК жана Башкы прокуратуранын жетекчилиги менен кызматташтыкта жана анын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратканда айыптаган. Нурбек Сыдыгалиев бул айыпторду мурда четке кагып келген.