№ 2 Военно-Антоновка жалпы билим берүү мектеби 3 млн сомго жакын өлчөмдө камсыздандыруу төлөмүн алды. Бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында окуу жайдын директору Тамара Чукурова билдирди.
Окуя 29-октябрда төртүнчү сабак учурунда болгон. Мектеп жетекчисинин айтымында, өрттүн чыгуу себеби өткөргүчтөрдүн кыска замыканы болгон. Окуучуларды өз убагында эвакуациялоонун аркасында жабыркагандар жок.
Окуянын натыйжасында чектеш эки кабинет зыян көрдү, ошондой эле биринчи этаждагы бир класс өрттү өчүрүү учурунда суу менен капталды.
Өткөргүчтөр замыка болуп, түтүн чыгып кетти. Балдарды ыкчам эвакуациялоонун аркасында эч ким жабыркаган жок
Зыянды баалоо жана төлөм жүргүзүү процесси эки жумага созулду. ГСО адистери экспертиза жүргүзүү үчүн объектке бир нече жолу чыгышты, андан кийин төлөм жүргүзүлдү.
3 000 000 сом камсыздандыруу төлөмү
зыянды жабууга жетүүчү сумма








