Ош облусунда тарбиялануучунун энеси менен мектеп-интернаттын директорунун ортосундагы мушташка айланган жаңжал катталды. Бул тууралуу маалымат облустун ИИБсине келип түштү.

Өзгөн РИИБинин маалыматы боюнча, окуя 4-ноябрда болгон. 1993-жылы төрөлгөн аял Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал Мырза-Аки айыл аймагында жайгашкан мектеп-интернатка уулун көрүү үчүн келгенин билдирген.

Маалымат боюнча, мекеменин кызматкерлери ага баланы көрүүгө уруксат берген эмес. Андан кийин тарбиялануучунун энеси менен интернаттын кызматкеринин ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка айланган.

Учурда окуя боюнча маалымат Өзгөн РИИБинде катталды. Ушуга байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылат.