Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды колго түшүрүштү. Тергөөнүн маалыматына ылайык, окуя 2025-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын Г. Айтиев көчөсүндө жайгашкан «Үч-Тал» кафесинде болгон.

Өзүн «Амантур» аттуу инвестор катары тааныштырган жаран 1976-жылы туулган аялга Б. Осмонов көчөсүндөгү «Жибек-Жолу» базарынын «А» блогунун соода үчүн ыңгайлуу 12-катарынан төрт соода ордун алып берүүнү убада кылган.

40 000 АКШ доллары алдамчылыктын суммасы

Жабырлануучу аял базардан төрт орун алуу максатында шектүүгө жалпысынан 40 миң АКШ долларын өткөрүп берген. Бирок убада кылынган соода түйүндөрү берилбей, акча каражаты кайтарылган эмес.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул ишке шектүү катары Ош шаарынын 2003-жылы туулган тургуну Р. А. колго түшүрүлдү. Милиция шектүү жаран аялдын ишенимине кирип, каражатты алган соң качып жүргөнүн тактады.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголду. Ош шаардык сотунун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды. Учурда укук коргоо органдары кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерип, тергөө иштерин улантууда.