Балыкчы шаарындагы бир үйдүн тургундары бир нече жылдан бери өз батирлерине техникалык паспорт алууга жана документтерди тариздөөгө мүмкүнчүлүк албай келишет. Бул маселе курулушчунун карамагындагы кылмыш ишинен улам келип чыккан. Иссык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууда Эржан Нурбек уулу бул көйгөйдү Президентке жеткирди.
Арызчынин айтымында, 2021-жылы «Раян Билдинг» компаниясы тарабынан курулган үйдө 32 үй-бүлө жайгашкан. Бирок 2023-жылы курулушчунун башка объектилери боюнча кылмыш иштери башталгандан кийин, Балыкчыдагы бул үйдүн бардык батирлери камакка алынган. Тургундар өз алдынча юрист жалдап, 17 батирдин камагын чектөөгө жетишкен болсо, калган үй-бүлөлөр документ ала албай жатат.
Балыкчыдагы жагдай
Курулуш министри Нурдан Орунтаев «Раян Билдинг» компаниясынын алдамчылык менен алектенгенин ырастады. Анын маалыматы боюнча, компания Бишкек жана Кант шаарларында котлован баскычында акча чогултуп, бирок үйлөрдү бүтүрбөй калган. Ушул себептен улам, Балыкчыдагы жашап жаткан үйлөр да жалпы камакка алынган.
Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов шериктеш компаниянын негиздөөчүсү Айжан аттуу аял жаңы төрөлгөн баласы болгондугуна байланыштуу үй камакка алынгандыгын билдирди. Бирок соттун чечими менен мүлктү мыйзамсыз өткөрүп бербөө максатында камактар күчүндө калууда.
Президент Садыр Жапаров Курулуш министрлигине тургундардын маселесин чечип, аларга документтерди берүүнү тапшырды. Ошондой эле, ал компаниянын жетекчисинин азыркы абалы тууралуу суроо берди. Негиздөөчү аял азыркы учурда үй камагында экени жана жабырлануучуларга акча төлөбөй жаткандыгы белгилүү болду.












