Петропавловка айылындагы Василий Лобков атындагы Тарыхый-чекендик элдик музейдин имаратын жаңылоо зарылчылыгы жөнүндө маселе Президент Садыр Жапаровдун Кара-Балта, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуусу учурунда көтөрүлгөн.
Музейдин директору Орзохан Усеналиев оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча смета даяр болгонун, бирок долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттик каражаттарды бөлүп берүү талап кылынарын билдирди.
Маданият министри тактагандай, объект муниципалдык баланста турат. Буга байланыштуу президент тиешелүү ведомстволорго кырдаалды биргеликте изилдеп, капиталдык оңдоо боюнча сунуш түзүүнү тапшырды.
Эгерде имарат 1950-жылдарда курулган болсо, келерки жылга капиталдык оңдоо боюнча сунуш киргизүү зарыл
Натыйжада Садыр Жапаров музейди капиталдык оңдоону 2027-жылга каралган планга киргизүүнү буйруду.














