Кара-Балта шаарынын, ошондой эле Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарына Айгүл Назарованын кайрылуусун карап чыгууну тапшырды. Жаран «Барс Кей Джи Инвест» компаниясынын финансылык пирамидасынын курмандыгы болуп калганын билдирди.
Жабырлануучунун айтымында, компаниянын Кыргызстандагы координаторлору чет өлкөдөн инвестиция тартканды убада кылышкан. Натыйжада аял алдамчыларга 150 миң сом өткөрүп берген, ал каражатты азыркыга чейин кайтарып алуу мүмкүн болгон эмес. Назарова 2023-жылдан бери укук коргоо органдарына жана Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылганын, бирок маселе чечилбей жатканын белгиледи.
Талас облусунда бул уюмдун координаторуна карата кылмыш иши козголгону белгилүү, натыйжада 13 жаран өз каражаттарын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк алды.
150 000 сом чыгымдын суммасы
жабырлануучу Айгүл Назарова кайтарып ала албай жаткан каражаттын өлчөмү
Дагы бир жолу айтам: оңой акчанын соблазына алдырбаңыздар. «150 миң сом берсең — андан 200 миң сом кылып берем» деп убада бергендерге ишенбеңиздер
Маселени талкуулоонун алкагында президент өлкөдөгү мындай схемалардын учурдагы абалы жөнүндө маалымат суратты. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов мындай финансылык пирамидалардын көбү учурда токтотулганын билдирди.














