Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийликтерге Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылындагы талаштуу жер участкасынын айланасындагы жаңжалды чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Манас жана Айтматов райондорунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Мамлекет башчысына кайрылуу тургунга таандык жер участкасына тиешелүү болду. Мурун бул объект китепкана жана медициналык пункт катары пайдаланылган. Тургундун айтымында, ал жерди 1990-жылдары, мурун колхозго таандык жерлер сатууга коюлган учурда сатып алган, учурда анын бул участокко мыйзамдуу документтери бар.

Беш баланы жалгыз тарбиялаган тургун имаратты оңдоп, керектүү документтерди чогулткандан кийин кыйынчылыктар келип чыкканын билдирди. Президент Садыр Жапаров имаратты сатуу мыйзамсыз болгонун белгиледи. Ал ошондой эле объектинин баасын мурун сатууну жүзөгө ашырган айыл өкмөтү жаптырышы керектигин билдирди.

Ушуга байланыштуу мамлекет башчысы облус башчысына маселени ордунда ар тараптуу изилдеп, облус деңгээлинде түзүлгөн комиссиянын тиешелүү корутундусун даярдоону тапшырды. Мындан тышкары, президент иштин Жогорку сотто адилет каралышынын маанилүүлүгүн белгиледи.