Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков буга чейин социалдык тармактарда жайылган Сыргак Кенжебаевдин видео кайрылуусуна комментарий берди.

Орунбековдун айтымында, бул видеодо келтирилген ырастоолор чындыкка дал келбейт, манипуляциялык мүнөзгө ээ жана фактылар менен тастыкталбайт.

Ал бажыдан түшкөн кирешелер боюнча маалыматтарды мисал катары келтирди.

Бажы кирешелери

~20 млрдсом (2020-жылга чейин жыл сайын)
1 айичинде (азыркы учурда окшош көлөм)
161,5 млрдсом (2026-жылга план)
ашыгы мененай сайынкы пландар аткарылууда

Орунбеков 2021-жылдан баштап бажы кирешелери олуттуу түрдө жогорулаганын белгиледи.

Демек, бул тармакта реформа жүргүзүлгөн жана шектенүүгө эч кандай негиз жок.