Башкы прокуратура Москва районунун тургуну Эльмира Бечелованын соттук кароосун көзөмөлгө алат. Тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров Бишкек тургундары менен жолугушуу учурунда берди.
Эгерде бул чындыгында эле Эльмира Бечелованын үнү болбосо, анда аны актоо керек. Ишти адилеттүү карагыла
Талаш-тартыштын маңызы «Кыял» рыногуна байланыштуу иш боюнча айыптманын негизи болгон аудиожазууда турат. Бечелованын айтымында, жазуудагы үн ага таандык эмес, ушуга байланыштуу ал мамлекет башчысына материалдарды кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.
Буга чейин Жогорку сот жаңы пайда болгон жагдайлардан улам мурунку соттук чечимдерди жокко чыгарган. Учурда иш Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Президент көзөмөл органдан кылдат текшерүү жүргүзүүнү талап кылды: жазуудагы үн менен арыз ээсинин үнүн салыштыруу зарыл жана шайкешсиздиктер аныкталган учурда кайрадан экспертиза дайындоо керек.








