Шереметьево бажы кызматкерлери 136 млн рубль өлчөмүндөгү накталай акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү аракетти токтотушту. Бишкек багытындагы рейс менен бара жаткан жүргүнүүнү кармап калганын Россиянын Федералдык бажы кызматы (ФТС) билдирди.
Ведомствонын маалыматы боюнча, 28 жаштагы россиялык катталуу учурунда чемоданын жүктү берип, учуу зонасына сумка менен өткөн. Жүк текшерүү учурунда бажы кызматкерлери 108 пачка беш миңдик купюраны, ал эми кол жүгүндөн кошумча сумманы табышкан.
Табылган накталай акча
Жүргүнүүчү каражаттардын келип чыгышын түшүндүрүүдөн баш тартты. Аны карата РФ Административдик укук бузуу жөнүндө кодексинин 16.3 беренеси боюнча (тыюуларды жана чектөөлөрдү сактай албагандыгы үчүн) административдик укук бузуу боюнча иш козголду. Сот чыгарып кетүүгө белгиленген лимиттен ашып кеткен акча каражаттарын конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарды.







