Талас шаарында мамлекеттик ипотека программасынын алкагында 9-к‡аттык турак жай үйлөрү курулууда. Шаардын мэриясы тарабынан берилген маалыматта, Бердике баатыр көчөсүндөгү мурунку авто базанын аймагында курулуп жаткан турак жай комплекси 11 блокттан турат жана жалпысынан 495 квартирага эсептелген.

Курулуш иши боюнча маалыматта, учурда курулуш иштеринин 50% аткарылган. Объектиде 200дөн ашык кызматкер иштеп жатат. Проектти бүтүрүү 2027-жылдын төртүнчү кварталына чейин пландалып, андан кийин квартиралар жарандарга жылдык 4% жана 8% пайыздык салмакта ипотека кредиттик программасы боюнча берилери күтүлүүдө.