Токтогул шаарынын А. Козубеков атындагы эс алуу паркында дуб дарактарына зыян келтирген минирующий пилильщик деген зыянкечке каршы химиялык иштетүү иштери өткөрүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул зыянкеч узак өмүртүү дуб дарактарына коркунуч туудурат.
Зыяндын жайылышын токтотуу жана зыянкечти азайтуу максатында, химиктер жана Токтогул шаар башкармалыгынын, ошондой эле шаар коммуналдык мекемесинин адистери иш-чарага катышты.
Департаменттин маалыматына караганда, фитосанитардык абалды көзөмөлдөө улантылып, зыяндуу организмдерге каршы тийиштүү чаралар мөөнөтүн өткөрбөй көрүлүүдө.







