Тюп–Кеген трассасынын тилкесинде жол катмарын тазалоо иштери уланууда. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматы боюнча, бул багытта кар катмардын деңгээли 35–40 сантиметрди түздү.

Ведомстводан билдирилгендей, 16-ноябрдын саат 09:30сында кырдаал катталган учурда аймакта кар жаашы уланып турган. Жол кызматтарынын кызматкерлери автоунаалардын өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн түш бүткөч трассаны тазалап иштешти.