Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси Министрлер Кабинетинин төрагасы болгон. Өзгөртүүлөр боюнча маалыматты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Амантур Турсуниязов сунуштаган.

Сунушталган жаңы тартипке ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан кум-шагыл аралашмасын жана суглинкти казуу укугуна болгон күбөлүктөрдү берүү токтотулат. Ошондой эле жер кендерин пайдалануу чөйрөсүндө залогдук мамилелерге тыюу салынат жана жер кендерин пайдалануу укугун берүүдө электрондук аукциондор өткөрүлөт.

Депутаттардын суроолору жана жерди рекультивациялоо

Талкуу учурунда депутаттар кендер иштетилгенден кийин жерди кайра калыбына келтирүү (рекультивациялоо) маселесин, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүнү талкуулашты. Мындан тышкары, жаңы өзгөртүүлөрдүн чакан бизнестин ишмердүүлүгүнө жана жергиликтүү бюджеттерге тийгизүүчү таасири каралды.

Депутат Болотбек Борбиев Токтогул районунун Толук айыл аймагындагы карьердин жана Узун-Акмат алтын кендериндеги рекультивация иштеринин жүрүшү боюнча суроо берди. Ал эми Кубанычбек Самаков Нарын облусунун Жерге-Тал айылындагы Кум-Бель кениндеги иштерге көзөмөл күчөтүүнү сунуштады.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын сактап калуу зарылдыгын белгиледи.