Материалдар: 1
Джалал-Абад облусундагы Ноокен районундагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун кызматкерлери менен ортомчулардын кылмыштуу схемасы ачылды. Алар "Түндүк" системасына жалган маалыматтарды киргизип, квалификациялык экзаменди өтпөгөн адамдарга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүктөрдү шашылыш түрдө беришкен. Бул кылмыштуу аракеттерге тиешеси бар бир катар адамдар кармалды.