Материалдар: 1
Кыргызстандын Энергетика министрлиги Борбор Азиядагы энергосистемада 14-августта болгон технологиялык бузуунун себептерин атайын комиссия иликтээрин билдирди. Баштапкы бузуунун Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун өчүрүлүшү менен байланыштуу экени маалымдалды. Бирок бул кырсыкка байланыштуу кийинки окуяларда кыргыз энергосистемасын айыптоо туура эмес делинет.