Материалдар: 1
Ош облусунун Араван районунда 9-августта учураган окуяда үч жаш жигит жергиликтүү 38 жаштагы тургунду күч колдонуп жарадар кылганы аныкталды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Сот алардын камакка алынуусун эмес, үй камагына чыгарууну чечти. Азыркы учурда иликтөө иштери уланууда.