Материалдар: 1
Жогорку Кеңештин өнөр жайлык саясаты, транспорт, отун-энергетикалык кешен, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин заседаында депутат Бахридин Шабазов Балыкчы-Барскоон-Каракол трассасынын курулушундагы кооптуу бийиктик айырмачылыктарын көтөрүп чыкты. Анын айтымыша, Ырдык айылына кирүүчү жерде жолдардын бетинин ортосунда 1,5-1,8 метрге чейинки олуттуу айырмачылыктар пайда болгон. Бул кырдаал жол кыймылынын коопсуздугун коркутуп, кеминде кыш мезгилине чейин чечилүшү керек деп белгиледи.