Материалдар: 15
Баткен шаарында 10 миң адамды кабыл алууга жөндөмдүү чоң спорт стадиону 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин бүтөт. Анын курамына футбол аянты, үч машыгуу талаасы, мини-футбол үчүн төрт оюн аянты, 100 орундуу жатакана жана 200 унаага ылайыкталган күтүүчү жай кирет. Бул курулуш аймактагы спортту өнүктүрүү жана ири иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап шарттарды түзөт.
Баткен облусунда республикалык бюджеттен каржыланып жаткан заманбап оптово-торговый комплексинин курулушу уланууда. Аталган долбоор төрт блоктон куралып, регионалдык соода жана ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган.
Баткен облусунда үч турак жай комплекстери курулуп жаткандан кийин, жалпы 4116 батирдин ичинен быйыл 1050 батир пайдаланууга берилет. Бул алгачкы баскычтагы 17 блоктун батирлери биринчи кезекке турган 3425 адамдын бир бөлүгүн камсыздандырууга мүмкүндүк берет.