Баткен шаарында заманбап оптово-торговый комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүл Мамыржан Рахимов курулуштун жүрүшү менен таанышып келди.

Долбоор республикалык бюджеттен жыл сайын 500 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп, бир канча жыл ичинде этап-этап менен каржыланууда. Учурда биринчи блоктун курулушу толугу менен бүттү.

Келечекте калган үч блоктун курулушу пландалууда. Ошондой эле айланадагы инфраструктуранын өнүгүүсү, жолдордун курулушу, суу менен камсыздоо, жарык берүү, парковка жайлардын түзүлүшү жана аймакты көрктөндүрүү иштерине басым берилет.

Комплекстин курулушунан кийин Баткен облусунда соода жана ишкерлик өнүгүшүнө шарт түзүлүп, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.