Материалдар: 1
Президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттинин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргызстанда борбор Азия үчүн маанилүү стратегиялык мааниге ээ ири долбоорлорду ишке ашырып жатканын билдирди. Бул долбоорлорго Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, «Камбар-Ата-1» ГЭС, CASA-1000 долбоору, «Асман Сити» туризм комплекси жана «Ала-Тоо Резорт» сыяктуу объектилер кирет. Алардын максаты — логистиканы кеңейтүү, энергетикалык потенциалды бекемдөө жана чет элдик инвестицияларды тартуу.