Материалдар: 1
Бишкектеги Степное айылындагы №2 түзөтүү мекемесинде соттолуп калган аялдар үчүн жаңы кесиптик окутуу багыты ачылган. Бул багыт – «Кооздоо мастеры». Программанын негизги максаты соттолуп калган аялдарга зарыл кесипти үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берип, аларды бошогондон кийин жумуга орношуу үчүн даярдоого натыйжалуу көмөк көрсөтүү болуп саналат. Окутуу Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана «Ден соолук нуру» коомдук фондунун катышуусу менен өтүп жатат.