Материалдар: 2
Бишкекте кыргызстандык жана чехиялык өк представительдердин катышуусу менен авиациялык байланышты өнүктүрүү жана аэропорт инфраструктурасын модернизациялоо маселелери боюнча жолугушуу өткөрүлгөн. Тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, авиациялык кадрларды даярдоо жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча маселелерди талкуулашкан.
Кыргызстан транспорту жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чехиянын транспорту министри Иван Беднарик менен жолугушуу өткөрүп, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча маселелерди талкуулашкан. Кыргыз тарап эл аралык жүк ташууну жөнгө салуу үчүн мыйзамдык негиз түзүүди жана транзиттик ташууларды уруксат берүү бланктарын колдонуусуз өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташкан.