Материалдар: 1
Ош облусунун Араван районунда Караван—Тоо-Моюн автожолусу боюнча оңдоо иштери жүрүп жатат. Жалпы 28 километрге жеткен жолдун ичиндеги 7 километрлик участону асфальт куюу аркылуу жаңыртуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иштердин максаты аймактагы транспорттук байланышты жакшыртуу жана жүрүү шарттарын жогорулатуу болуп саналат.