Материалдар: 1
Жогорку Кеңештин жыйынында курулуп жаткан социал объекттер жөнүндө маалымат берилди. Министрлердин сөзүндө Жалал-Абад облусунда жалпысынан 105 социал объектинин курулушу жана оңдоо иштери аяктаганы айтылды. Бул объекттердин ичинде 16 жаңы бала бактары курулган. Ошол эле учурда депутат Алтынбек Кылычбаев Кок-Жангак шаарында бала бактарынын жоктугун белгилеп, шаар үчүн каражат бөлүп берүүнү талап кылды.