Материалдар: 1
Бишкек шаарынын Комсомол — Барпы — Турк-Абад автожолу боюнча асфальт жайгаштыруу иштери уланып жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жалпы 5,4 километрдик жолдун 4 километрдик участогу эки катмар асфальт толугу менен жайгаштырылган. Иштер көптөгөн техника жана жумушчу күч менен кечиктирбей жүрүп жатат.