Материалдар: 1
Кыргызстандын «Кызыл-Кыя автожолу» фитосанитардык көзөмөл постунда Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча – 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз – таңгактарында милдеттүү маркировка болбогону үчүн өлкөгө киргизилген жок. Бул мыйзам бузууму эки тараптуу фитосанитардык талаптарды одоно сактабастык катары бааланып, товардарын кайтаруу чечими кабыл алынды.