Материалдар: 2
Кыргызстанда 6 612,5 метр бийиктиктеги Курумду чокусу аймагында жоголгон альпинисттердин денелери дрон аркылуу табылды. Алардын арасында эки белорус жана бир литвалдык бар экени такталууда. Биргелешкен издөө иштеринен кийин алынган жогорудагы маалыматтар коомчулукка маалым болду.
Кыргызстандын мектеп окуучулары Литванын Каунас шаарында өткөн 10-жылдык Европалык жаштар информатика олимпиадасында байгелүү орундарды ээледи. Азирет Исраилов күмүш медалга, ал эми Арлан Саят коло медалга татыды.