Материалдар: 1
Кан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) жетекчилиги менен жолугушуп, Кыргызстандын экономикалык келечеги жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду талкуулашкан. Жолугушуунун негизги багыттарынын бири – Камбаратин ГЭС-1 долбоорунун ишке ашырылышы болгон. Касымалиев Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүшүнө жана элдин жашоо деңгээлинин жогорулашына эл аралык өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн колдоосун белгилеген.