Материалдар: 1
Кыргызстанда билим берүү мекемелеринин бош орундарын толтурууга арналган конкурс башталды. Министрликтин маалыматына караганда, 1729 талапкер квалификациондук тесттен ийгиликтүү өтүп, кадрлар резерви түзүү үчүн сынактын бир нече баскычтарында күч сынашат. Конкурска бакча, орто жана кесиптик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышат.