Материалдар: 2
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 3-октябрда 3,3 магнитурадагы жер титирүү болуп өткөн. Анын очогу 23 километр тереңдикте жайгашкан. Жер титирүү эпицентри Кыргызстан аймагында, Шура айылынан түштүк-чыгыш багытта 5 километр, Казарман айылынан түштүк-чыгыш багытта 15 километр аралыгында жайгашкан.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, азыркыдай НАНдын президенти академик же илимий даражага ээ болууга милдеттүү эмес, андан кийин бул кызматка башкаруу жана илимдеги тажрыйбасы бар башка жарандарды тартууга шарт түзүлөт.