Материалдар: 2
Ысык-Көлдө өткөн суудагы Формула-1 (F1H2O) квалификациялык жарыштарынын жыйынтыгында үч жолку дүйнө чемпиону Юнас Андерссон менен төрт жолку дүйнө чемпиону Шон Торренте алгачкы жеңүүчүлөр болуп тандалды. Негизги Гран-при Кыргызстан жарыштары 2-августта жыйынтыкталат.
Дүйнөлүк UIM F1H2O чемпионатынын пилоту Шон Торренте Кыргызстанга келип, өлкөнүн жаратылыш кооздугуна суктанды. Ал бул мелдеш эл аралык аудиторияга мекендин туристтик потенциалын таанытууга мыкты мүмкүнчүлүк болорун белгиледи.