Материалдар: 1
Кыргызстандын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитети «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда алып жүрүлгөн коррупциялык схемага тиешеси бар төрт адамды кармады. Алар товар ташуучу оор унааларды мыйзамсыз өтүшүнө көмөктөшүп, жүктөрдү бош машина катары каттоого алып турган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.