Материалдар: 1
Жогорку Кеңештин КТС комитети Кыргызстан менен Беларусиянын жарандарынын жашаган тартибин жөнгө салуу жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун өткөрүп чыкты. Буга ылайык, эки өлкөнүн жарандары биринин аймагында каттоосуз 30 календардык күнгө жашашы мүмкүн болот. Келишим 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган.