Материалдар: 2
16-августта Бишкек шаарында саат 11:00дөн 19:00гө чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынын репетициясына байланыштуу үч негизги көчөдө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Шаар тургундары жана конокторуна алдын ала маршруту пландаштырып, альтернатива жолдорду колдонуу сунушталат.
Ленин районунда жайгашкан Бердибаев көчөсүнүн 370 метр турган бөлүгүндө капиталдык ремонт толугу менен бүткөрүлүп, жаңы асфальт жабуулары түшүрүлүп, жөө басуучулар үчүн тротуарлар уюштурулуп, заманбап сугат жана дренаж системасы курулду. Иш-чаралар «СУ-4 Кара-Балта» мекемеси тарабынан сапаттык талаптарга ылайык башкарыла кетти.