🌍 Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн жаңы перспективалары талкууланды.
🤝 Вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев өзбекстандык кесиптеши Жамшид Ходжаев менен жолугушуп, соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү маселесин талкуулады.
🌾 Ошондой эле Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын, анын ичинде сүт, бал, балык, жүгөрү, картошка жана эт азыктарын экспорттоо жолдору талкууланды.
🥔 Кыргызстандын картошкасы Өзбекстандын базарларында, анын ичинде Анжиян, Карши жана Фергана шаарларында ийгиликтүү сатылууда.
📈 Өзбекстанга башка товарларды ири көлөмдө экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.
🤗 Үстүбүздөгү жылдын июль айында эки өлкөнүн президенттери соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишип, анда экономикалык байланыштарды чыңдоо каалоосу баса белгиленген.