🌾 Кыргызстанда дан эгиндерин жыйноо рекорддук деңгээлде аяктады.
🌱 Дан эгиндерин оруп-жыюу 643,2 миң га жерде жүргүзүлүп, пландын 96,3%ын түздү, былтыркыга салыштырмалуу 88,8 миң га көп.
🌾 240,5 миң га аянтта буудай оруп-жыюу аяктады, түшүмдүүлүк 30,0 ц/га, бул 2023-жылга салыштырмалуу 6,6 ц/га жогору.
🌽 Ошондой эле 245,9 миң га аянтта арпа оруп-жыюу аяктап, түшүмдүүлүк 26,0 ц/га болуп, былтыркыдан 4,9 ц/га жогору.
🌱 53,0 миң га аянттагы буурчак өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктап, түшүмдүүлүк 14,8 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 1,9 ц/га жогору.
🌽 91,7 миң гектар аянттан жүгөрү орулуп, түшүмдүүлүк 69,0 ц/га болуп, былтыркыга салыштырмалуу 1,5 ц/га көп.
🥔 Картошка 65,3 миң га аянттан жыйналып, түшүмдүүлүк 178,4 ц/га болуп, былтыркыга салыштырмалуу 1,1 ц/га жогору.
🥕 Жашылчалардын дүң жыйымы 1452,3 миң тоннага, коон-дарбыз 336,5 миң тоннага жетти.
🍬 Кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү 621,7 ц/га түзүп, былтыркыдан 142,7 ц/га жогору, дүң жыйымы 713,9 миң тоннаны түздү.