🌍 Нью-Йоркто Кыргызстан менен Черногория тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болду.
🤝 Жээнбек Кулубаев Эрвин Ибрахимович менен ички жана эл аралык саясаттын актуалдуу маселелерин, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелерин талкуулады.
🌄 Черногория Кыргызстан үчүн үлгү боло турган энергетика жана туризм тармагындагы долбоорлорун тартуулады.
📈 Тараптар саясий диалогду жана соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды тереңдетүү боюнча пландарды макулдашышты.
🌐 Министрлер ошондой эле эл аралык уюмдарда, атап айтканда, Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлигин илгерилетүү боюнча биргелешип иштөөнү макулдашты.
✈️ Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча келишимге кол коюлду, бул эки тараптуу мамилелерди бекемдейт.