🌍 Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун Палестина-Израиль чатагын тынчтык жолу менен чечүү аракеттерин колдойт.
🤝 Президент Садыр Жапаров БУУнун резолюцияларына туура келген “эки эл үчүн эки мамлекет” принцибинин маанилүүлүгүн белгиледи.
📜 Ал Израилди эл аралык гуманитардык укукту, анын ичинде жарандарды коргоону жана гуманитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоону урматтоого чакырды.
🇵🇸 Жапаров ошондой эле Палестина элинин өз тагдырын өзү аныктоо жана өз мамлекетин түзүү укугун, ошондой эле БУУга толук кандуу мүчө болуу укугун колдой турганын ырастады.
😢 Мамлекет башчысы Палестинада аялдар менен балдардын өлүмүнө жана карапайым калктын азап чегип жатканына тынчсыздануусун билдирди.