🌾 Кыргызстанда аба ырайынын жагымдуу болушуна байланыштуу айыл чарба түшүмдүүлүгү бир топ жогорулады.
📈 2024-жылдын 23-августуна карата талаалардан 404,9 миң гектар дан эгиндери жыйналды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5%га көп.
🌾 Чогулган дандын жалпы көлөмү 1165,7 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60,6%га жогору.
🌍 Республика боюнча дан эгиндерин жыйноо пландалган аянттын 67,2%га жетип, эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда (78%) болду.
🌱 Быйыл ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы өстү: арпа 81,7%, буудай 57,1%, дарбыз 17%, мөмө-жемиштер 16,1%, картошка 12,7% жана жашылчалар 6,1%.
🌧️ Жазындагы температуранын өзгөрүшү дан буурчак жана май өсүмдүктөрүнүн бышуу мөөнөтүнө терс таасирин тийгизип, алардын түшүмүнүн 19%га жана 21,8%га төмөндөшүнө алып келген.