🌧️ Дем алыш күндөрү Бишкекте жаан жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт.
🌡️ Ишембиде борбор калаада абанын температурасы +16…18°C, түнкүсүн +8…10°C чейин төмөндөйт. Жекшембиде күн ачык болуп, абанын температурасы +23…25°Cге чейин көтөрүлөт.
🌧️ 7-8-сентябрь күндөрү Кыргызстанда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
💨 Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 24 метрге жетиши күтүлөт.
❄️ Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, Талас өрөөнүндө 1…6° жылуу болушу мүмкүн. Тоо этектеринде -2…+3° суук болушу мүмкүн.
🚜 Туруксуз аба ырайы автотранспортко, энергетика тармагына жана айыл чарбасына, өзгөчө мал чарбачылыгына жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоого кыйынчылыктарды жаратат.
🌱 Чүй облусунун тоо этектериндеги жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарындагы үшүк жашылча-жемиш өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.