🚨 Бишкекте адам сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
🔍 КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесине ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында балдарды мыйзамсыз асыроого адистешкен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.
👶 2022-жылдан бери уюм жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына камкордук алуу үчүн манипуляцияларды жана параны колдонуп келет.
🔒 Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында тинтүү иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалып, учурда СИЗОдо.
🔎 УКМК кылмыш иштеринин башка катышуучуларын жана курмандыктарын аныктоого багытталган иликтөө иштерин улантууда.
⚖️ Комитет жарандардын укуктарын бузуу кесепеттерин эскертип, мыйзамды сактоого чакырат.