Кыргызстандын үч облусу буудайдын түшүмү боюнча рекорд койду

2024-жылдын 28-октябрына карата Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюу 2023-жылга салыштырмалуу 81,9 миң гектарга көп аянттын 93,2% аяктады. Буудайдын жана арпанын тушуму жогорулап, дүң жыйым да жогорулады. Жогорку көрсөткүчтөр Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында байкалууда.

🌾 Кыргызстанда дан эгиндерин жыйноо иштери аяктап, рекорддук көрсөткүчкө жетти.

📊 Дан эгиндерин чабуу 622 миң га жерде жүргүзүлүп, пландалган аянттын 93,2%ын түздү жана былтыркыга салыштырмалуу 81,9 миң га көп.

🌾 236,3 миң га (98,2%) аянттан буудай орулуп, түшүмдүүлүк 30,2 ц/га түзүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 6,8 ц/га жогору. Дүң жыйноо 713,5 миң тоннага жетти.

🌱 Арпа 242,7 миң га (96,8%) аянттан жыйналып, түшүмдүүлүк 25,9 ц/га болуп, былтыркыдан 4,8 ц/га жогору. Дүң жыйноо – 628,6 миң тонна.

🌽 Жүгөрү 84,8 миң га (77,1%) жыйналып, түшүмдүүлүк 69,5 ц/га, дүң жыйымы 590,0 миң тоннаны түздү.

🥔 Картошка 50,2 миң га (75,6%) аянттан жыйналып, түшүмдүүлүк 170,9 ц/га, дүң жыйымы 858,0 миң тоннаны түздү.

🥕 Жашылчалардын дүң жыйымы 1379,5 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 167,3 миң тоннага көп.

🌻 Май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 12,3 миң га аянтта аяктап, дүң жыйымы 13,5 миң тоннаны түздү.

🚜 7,9 миң гектар аянттан кант кызылчасы жыйналып, түшүмдүүлүк 614,6 ц/га болуп, былтыркыдан 142,4 ц/га жогору.

📈 Быйыл өлкөдө айыл чарба тармагында таасирдүү жыйынтыктар байкалууда, бул айыл чарба өндүрүшүнүн өскөндүгүнөн кабар берет.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x