🏢 Сиань шаарында кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды.
🇰🇬 Жаңы борбордун жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзүп, анда кыргызстандык товарлардын көргөзмөлөрүн жана ишкерлердин эки тараптуу жолугушууларын өткөрүүгө шарттар түзүлгөн.
🛍️ Борбордо 200 чарчы метр аянтты ээлеген соода павильону да ачылды, ал Кыргызстандын товарларын тынымсыз тартуулайт жана популярдуу тиркемелер аркылуу оффлайн жана онлайн сатууну ишке ашырат.
🤝 Кыргызстан сооданы өнүктүрүү үчүн Сиань мэриясынан 1200 чарчы метр жерди үч жылга бекер пайдаланууга алган.
📈 Ачылыштын алкагында бизнес-форум өтүп, ага эки өлкөдөн 200дөн ашык компания катышып, түрдүү тармактардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
✍️ Форумдун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдары менен ишкерлеринин ортосунда инвестициялык келишимдерге кол коюлду.
🔗 Бакыт Төрөбаев Shaanxi Coal and Chemical Industry Group Co., Ltd компаниясынын жетекчиси менен жолугуп, тоо-кен жана кайра иштетүү тармагындагы кызматташууну талкуулады.