Мас-рестлинг боюнча командалык мелдеште Кыргызстан 8 медаль утуп, 1-орунду ээледи

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын мас-рестлинг боюнча курама командасы 8 медаль, анын ичинде 6 алтын утуп, 33 өлкөнүн арасынан командалык таймашта биринчи орунду ээледи.

🏅 Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын мас-рестлинг боюнча курама командасы мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, 8 медаль утуп алышты.

🥇 Эркектер арасындагы мелдеште Уланбек Турганбаев (65 кг), Бекмурза Токтошев (70 кг) жана Келдибек Атайбек уулу (105 кг) алтын медалга ээ болушту. Элдос Айтбаев 80 килограммга чейинки салмакта 2-орунду ээледи.

🥉 Русланбек Чыныбек уулу 90 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалдын ээси болуп, команданын медалдар топтомун толуктады.

👩‍🦰 Кыз-келиндер командасы да мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү: Эльза Абдыкадырова (55 кг), Адел Маданбаева (65 кг) жана Назия Майлыбашева (75 кг) алтын медалга ээ болушту.

🏆 Командалык мелдеште Кыргызстандын командасы 33 өлкөнүн спортчуларын утуп, 1-орунду ээледи, бул биздин спортчулардын даярдыгынын жана чеберчилигинин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.

👏 Мелдеш башкы машыктыруучулар Марат Раматов жана Эрмек Курманалиевдин жетекчилигинде өттү, бул команданын жогорку деңгээлдеги даярдыгынан кабар берет.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x