🔥 Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы отканалардын кышкы сезонго даярдыгы текшерилди.
🏭 Энергетика министринин орун басары Н.Керимов жана адис А.Шакиржанов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген отканалардын абалын баалоо боюнча иш сапары менен чыгышты.
🔍 Текшерүү Президенттин жарлыгынын жана 2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча министрлер кабинетинин токтомунун алкагында жүргүзүлдү.
📊 Отканалардын даярдыгы Нарын облусунда 95%, Ысык-Көл облусунда 90% түздү.
🔧 Кыш мезгилинде жылуулукту туруктуу камсыз кылуу максатында ар бир откана оңдолуп бүттү.
✅ Министрдин орун басары жылуулук менен камсыздоо ишканаларына бардык оңдоо иштерин бүтүрүп, аткарылган иштердин сапатына көңүл бурууну тапшырды.