🚨 Ноокат районунда РЭСтин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды.
💰 Ноокат районунун тургуну милицияга кайрылып, электр бөлүштүрүүчү зонанын кызматкери үч фазалуу электр чубалгысын тартуу үчүн 60 миң сом талап кылып жатканын билдирген.
🔍 Ыкчам иш-чаранын натыйжасында 25-сентябрь күнү сатуу бөлүмүнүн инженери 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
📜 Шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
🔄 Тергөө иштери уланып, укук коргоо органдары иштин бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө.