🚧 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин иш сапары Аксы районунан башталды.
🛣️ Төрага 72 чакырымды түзгөн Кербен – Үч-Коргон – ГЭС унаа жолунун абалы менен таанышты. Былтыркы жылы 39 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, 5,1 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.
👥 Шакиев жергиликтүү эл менен жолугушуп, бул жолдун аймактын жана жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанисин баса белгиледи. Быйыл Аксы районунун аймагында 26 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда.
🌊 Ошондой эле ичүүчү таза сууга жетүүнү жакшыртуу маселелери талкууланды. Төрага бул маселе 1-2 жылдын ичинде чечилет деп убада берди.
🏗️ Өлкөдөгү реформалардын алкагында Аксы районунда бала бакча менен мектептин курулушу башталып, ошондой эле жолдорду жаңылоо, социалдык мекемелерди оңдоо пландалууда.
✅ Шакиев президенттин айыл жолдорун 2030-жылга чейин жаңылоо боюнча тапшырмасын эске салып, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүгө чакырды.