🇰🇬 Кыргызстан негизги рыногу Россияда болгон айыл чарба продукциясынын экспортун активдүү көбөйтүүдө.
🥔 2024-жылдын январь-август айларында республика 44,4 миң тонна картошка экспорттогон, анын 5,6 миң тоннасы Орусияга жөнөтүлгөн.
🌰 Жаңгактын экспорту 53,8 миң тоннаны түздү, ал эми Россия менен Түркияга бирдей көлөмдө – 26,6 миң тоннадан жөнөтүлдү.
🍑 Экспортто жемиштер да олуттуу орунду ээлеп, жалпы көлөмү 77,3 миң тоннага жетти. Анын ичинен Россияга 16,3 миң тонна өрүк жөнөтүлгөн.
🍏 Алма да олуттуу көлөмдө экспорттолгон: Казакстанга 6,2 миң тонна, Орусияга 4,2 миң тонна.
🍇 Кургатылган мөмө-жемиштер 16,5 миң тоннаны түзсө, анын 13,7 миң тоннасы Орусияга жөнөтүлгөнү бул рыноктун Кыргызстан үчүн маанисин тастыктайт.